Бишкектеги Ленин районунун акими ээлеген кызматынан бошотулду

Ленин районунун акими Тагаев Русланбек Таштанбекович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аким өзүнүн арызына ылайык бошотулган, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.