Бишкектеги түтүн. Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети маселени чечпей жатканын билдирди

Бишкекте абанын булганышы боюнча маселе аткаминерлердин, өкмөттүн, депутаттардын катышуусуз эле жаралып, чечилип жатат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаа абасы эң булганган шаар болуп калды. «Бул маселени чечүүнү бир нече премьер-министрлер, ошондой эле Акылбек Жапаров да суранган. Абанын булганышын жоюу программасынын бир да пункту каралбай, билдирүү гана жасалып жатат. Миллион калкы бар шаар ушуну менен дем алат, бизде аллергия жана жүрөк оорулары түрүндөгү ден соолук көйгөйлөрү пайда болот», — деди Бактыбек Турусбеков.