Бишкектен тышкары чыгууга Асановго уруксат берилип, Жээнбековго берилген жок

Бүгүн эки президенттикке талапкердин бөгөт чарасы каралды. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата сот эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бөгөт чарасын өзгөрттү. Мындай чечим менен ал үгүт иштери менен аймактарга чыга алат. Буга чейин ага Бишкектин аймагынан чыгууга тыюу салынып жаткан эле.

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун жактоочусунун өтүнүчү сотто каралбай калды. Талапкер өзү аймактарга гана эмес, башка өлкөлөргө да чыгышы керек болуп калышы мүмкүн экенин айтты. “Мыйзам үгүт иштери менен чет жакка чыгууга жол берет”, — деди Жээнбеков. Буга карата сот эгерде айыпталуучуга бир жакка чыгууга керек болсо, анда справка берүүгө даяр экенин айтып жооп берди. Ал эми бөгөт чарасы сотко бардык катышуучулар толук курамда келгенде гана караларын кошумчалады.