Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарында мэр болуп жаңы дайындалган Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө ал Бишкек шаарына күтүлбөстөн мэр болуп дайындалганын айтты.
«Күтүлбөстөн болду. Бул өзү жарым саат же бир сааттын ичинде президенттин мага көрсөткөн ишеними. Жоопкерчиликтүү кызмат экенин түшүнүм турам. Мен бийликти эмес, жоопкерчиликти сезип жатам», — деди ал.
Ал шаарда көп көйгөйлөр бар экенин, 4 күндөн бери анын чечүү жолун күнү-түнү ойлонуп жатканын айтты.












