Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорунда акимдер алмашты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун акими Мурат Осмонов муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында Ленин районунун башчысы кызматына которулган.
Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Бахтияр Карамшаков Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары — Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп иштеген.










