Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке талапкер болушу мүмкүн дегендердин ысымдары атала башталды. Соцтармактын колдонуучулары бир канча адамдын аттарын жазышууда.
Анын бири журналист Асел Өмүракунова ысымдарды атап өткөн.
Бүгүн, 27-мартта мушташ чуусунан улам Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыра турганын билдирди. Буга байланыштуу БШКдан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин райондук шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өтөрүн маалымдашты.