Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев отставкага кетти. Ал кайсы кызматка дайындалды?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Жунушалиев 2021-жылдын августунда борбордун мэри болуп шайланган. Ага чейин Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.