Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин отставкага кеткени тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Бул маалымат боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы менен байланышканында, жогорудагы маалыматты ырастаган да, төгүнгө да чыгарган жок. «Биз мэриянын маалымат кызматы катары расмий маалымат беребиз», — дешти.