Бишкектин мэрин шайлоону сунуштаган мыйзам долбоор четке кагылды

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.

«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот», — деди ал.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун колдоп, мэрди бошотуунун жол-жобосуна кызыкты. Ал эми эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар экенин эске алып, мэрди түз шайлоо практикасын кичи шаарлардан баштоону сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.