Бишкектин мэринин креслосу кайрадан талашка түштү

Өткөн аптада Азиз Суракматов отставкага кетип, ага дейре биринчи вице-мэр кылып Нариман Түлеевди дайындаган болчу. Мыйзам боюнча,  азырынча мэрди шайлоо мүмкүн эмес. Андыктан Түлеев жаңы мэр шайланганга чейин мэрдин милдетин аткарат. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу 2021-жылдын апрель айында болуп өтөт. Ошол шайлоодон кийин шаардык кеңеш мэрди шайлайт. Ал эми калаа башчылыгына талапкерди фракциялар, көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр көрсөтө алат.

Бүгүн, 26-октябрда мэриянын алдында болуп өткөн митингге келсек, алар Нариман Түлеевдин шаар башчылык кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Нааразычылыгын билдирүүгө келгендердин айрымдары мэриянын имаратына бастырып кирүүгө да аракет кылышты. Бирок аларды милиция кызматкерлери токтотушту.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы мындай билдирүү таратты: “Биз, Бишкек мэриясы мыйзамдуу түрдө шаар башчысынын милдетин аткаруучу адамыбыз бар экенин жана ал биринчи вице-мэр Нариман Түлеев экенин билдиребиз”.

Мэриянын басма сөз кызматы жогорудагыдай билдирүү таратканы менен өткөн аптада Түлеевдин жаңы кызматка дайындалып калышы коомчулукта “Бакиевдердин заманы келе жатабы? Эмне үчүн анын кадрлары кайрадан ээрде?” деген өңдүү сын пикирлердин толкунун жараткан болчу. Митингдер да болуп өтүп, нааразычылыктан улам президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугуп чыккандан кийин Нариман Түлеев кызматтан кеткенин  жарыялаган. Арыз жазып бердим дегенинен көп өтпөй, Түлеев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, анда кеткен кызматына кайра барам деген. Ал эгерде шаар башчылык үчүн күрөш тынчыбаса, анда биринчи вице-мэр кызматынан кеткени тууралуу арызын кайтарып алам деп жазган. Мэриянын басма сөз кызматы жарыялаган билдирүүгө ылайык, Түлеев чындап эле арызын кайтарып алган көрүнөт.

Түлеев 2008-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкектин мэри болгон. Кийин 2013-жылы калаа башчысы болуп турган кездеги иштери боюнча 11 жылга соттолуп, 2016-жылы мунапыска ылайык эркиндикке чыккан.