Бишкектин экс-мэри Балбак Түлөбаев иш таштаган айдоочуларга кайрылуу жасады (видео)

Борбор калаанын мурдагы башчысы Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин иш таштаган айдоочуларына кайрылды. Ал видео кайрылуусун Фейсбук баракчасына жүктөгөн. Балбак Түлөбаев жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин айтты. Айдоочуларды ага чейин шаар тургундарын кыйнабай, иштеп турууга чакырды.

“Бишкек шаардык кеңеши шайланып келсе, май айында маршруткаларга жол кире акысын 15 сомго, мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомго деп сүйлөшкөнбүз. Бирок шаардык кеңеш шайланбай, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жол кире боюнча токтомдорду мэрия баарын даярдап койгон. Экономика министрлигинин анализинен өткөн, бир-эки айдан бери сайтта илинип турат. Эми шаардык кеңеш келгенге чейин кичине күтүп турбайсыздарбы? Депутаттар шайланып келсе, эң биринчи ушул маселени карайт деген ойдобуз. Мен сиздерден өтүнөм, азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздүн артынан келе жатат. Ал деле эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок, тарифтин көтөрүлүшүн депутаттар кабыл алышы керек”, — деди экс-мэр.

Бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштаган. Мэрия маршруттук таксилер качан жүрүп баштары тууралуу азырынча маалымат бере албай жатат.