Бишкектин экс-мэри Талас округунан шайлоону жокко чыгарууну өтүндү

Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров Борбордук шайлоо комиссиясынан Талас районунан талапкер Бактыбек Чойбековго карата шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнөт. Бул тууралуу 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Абдыкадыровдун өкүлүнүн айтымында, Чойбеков тарабынан парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысы аныкталган. Жакында эле эки инстанциядагы соттор чыгарган сот актыларынын көчүрмөлөрү келип түшкөнүн билдиришти. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, соттун чечиминде арыз ээси тергөө учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.