Бишкектин Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Алтынбек Кутманов Бишкек мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Айбек Кутманов администрация башчысы болуп дайындалганга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар ​​менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору кызматын аркалап келген.

Буга чейин Максатбек Саргазаков аким болуп келген. Ал мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалган.