Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын мэринин дагы бир буйругу менен Орозов Талайбек Саратанбекович санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.