«Биз айткан сунуштар кайда кетти?» Касымалиева Конституциянын жаңы долбооруна депутаттар берген сунуштардын кошулбаганын айтты

Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карап жатат.

Вице-спикер Аида Касымалиева Конституциянын жаңы долбооруна депутаттар берген сунуштардын бири да кошулбаганын билдирди.

17-февраль күнү Баш мыйзамды демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган эле. Анда эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып, сунуштарды кошо турганы айтылган.

«Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Баш мыйзамдын бир үтүр, чекити да чоң маани берет. Азыр долбоордо редакциялык каталары кыргыз, орус тилиндегиси эки башка чыгып жатат. Аны кантип оңдойбуз»,— деди ал.