«Биз алсыз, эрксиз, көз карандыбыз». Мадумаров кесиптештерин алсыздыкка айыптады

«Өкмөттү, башкы прокурорду чакырыш керек» дегендин кереги жок. Бул алсыздык», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров.

«Кыргызстанда мыйзам, Конституция бар. Мыйзамдардын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, секирбеген башкы прокурорду, секирбеген министриңерди көрөт элем. Бирок биз алсыз, эрксиз, көз карандыбыз. Өлүм жазасын киргизишибиз керек. Мен 2009-жылы өлүм жазасын киргизишибиз керек деген үчүн кызматтан кеткем. Дүйнөлүк убадабыз бар. Ага мароторий жарыяланган. Ал үчүн референдум өткөрүш керек. Биз өз милдетибизди кыйшаюусуз аткаралы. Бардыгы өз ордуна түшөт. Ошондо мыйзам тизилген жиптей болуп калат. Өзүбүз бекем туралы», — деди ал