Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Аида Исатбек кызы Билим берүү министри Каныбек Иманалиевге Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип, ЖОЖдорго лекция окуйбу же жокпу деген суроо узатты.
«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Ал Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушка дестабилизация алып келбеши керек», — деди министр.
«Демек, ректорлор өзүлөрү алып келип жатат. Буга оюңуз кандай? Министр катары ушуга тыюу сала аласызбы?» — деп сурады депутат.
«Бул боюнча ар кимдин ою бар. Менде тыюу салганга негиз жок. Эгер саясий чыңалуу жаратса, ректорлор жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун», — деди министр.
Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды....
Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл...
Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп...
Кечээ, 20-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. "Манас" эл аралык аэропортунда...
Байышбек Астанакулов Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол...