«Лекция өтүшүнө тыюу салганга негиз жок». Каныбек Иманалиев Аскар Акаев боюнча суроого жооп берди

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Аида Исатбек кызы Билим берүү министри Каныбек Иманалиевге Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип, ЖОЖдорго лекция окуйбу же жокпу деген суроо узатты.

«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Ал Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушка дестабилизация алып келбеши керек», — деди министр.

«Демек, ректорлор өзүлөрү алып келип жатат. Буга оюңуз кандай? Министр катары ушуга тыюу сала аласызбы?» — деп сурады депутат.

«Бул боюнча ар кимдин ою бар. Менде тыюу салганга негиз жок. Эгер саясий чыңалуу жаратса, ректорлор жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун», — деди министр.