«Биз диалогго даярбыз». Акылбек Жапаров «Дордой» базарынын ишкерлери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту. Ал белгилегендей, Министрлер кабинети тарабынан жаңы салыктар киргизилген жок, буга катар, эгерде товар жүгүртүү 8 миллион сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченем орун алган.

«Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө. «Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Ишкерлер маалыматтык-түшүндүрүү иштери төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнө макул болушту. Алар билдиргендей, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарыл. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Салык кызматынын, Бажы кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келди. Алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн жеке шарттарын иштеп чыгышат.