«Биз эң начар сценарийге даярбыз». Акылбек Жапаров Антикризистик планды бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жыйынын өткөрүп, анда 2022-жылга Антикризистик чаралардын планы кабыл алынды.

«Февраль айынын соңунда башталган дүйнөдөгү геосаясий абалдын кескин чыңалуусу артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуу зарылдыгын шарттады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту тез арада камсыз кылууга багытталган чечимдер ыкчам кабыл алынды», — деди Акылбек Жапаров.

Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө жана аны жайгаруу үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт. Ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат. Өндүрүш тармагында иш алып барган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү үчүн чет элдик валютада алынган кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу каралууда.

“Апрель айынан тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы масштабдуу түрдө көтөрүлөт. Бюджеттик кызматкерлердин пенсиясын, жөлөк пулун жана эмгек акысын жогорулатууга 35 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт”, — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, республиканын эгемендик тарыхында биринчи жолу антикризистик план декларативдүү мүнөздө эмес, каржылык ресурстар менен камсыздалды. «Биз дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн реалдуу чараларды көрө алабыз. Биз эң начар сценарийге даярбыз», — деди ал.

Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон:

1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар;

2. Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;

3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар;

4. Ишкер субъекттерин колдоо чаралары;

5. Инвестицияларды тартуу боюнча чаралар;

6. Товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чаралар;

7. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар.

Бул планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү болжол менен 126 миллиард сомду түзөт. Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.