Төрага Шакиевдин «Ынтымак» фракциясына «издөө салганына» Маматалиев жооп берди

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев жыйында «Ынтымак» фракциясы жок экенин айтып, мындай мамиле болборун билдирген.

«Ынтымак» фракциясынан эч ким жок. Аппарат кызматкерлери, ушуну тактап, маалымат берип койсоңуздар. Мындай мамиле болбойт. Канча мыйзамдар кабыл алынып, маанилүү маселелер каралып жатат. Залда «Ынтымак» фракциясынан бир дагы депутат жок. Эгер бир иш-чарасы болсо, сессияга туш келбеген учурда өткөрүшсүн, эч ким каршы эмес. Чакырып коюңуздар», — деген ал.

Кийин депутат Марлен Маматалиев жыйынга фракциясынын катышпаган себебин айтты. «Күн тартибинде турган 12-маселени тез арада карап коелу деп алдыга жылдырып коюшкан экен. Биз ар кандай маселе болот экен деп, 1 жума мурун саат 11ге даярданып алган элек. Кыргыз элин фракциябыз менен куттуктап, маалымат берип коелу дегенбиз. Эртең менен ар кандай маселе алынып калды. Биз чыкканда карайбыз деп киргизиптир, бул моралдык жактан туура эмес. Мыйзам менен туура эле болду. Биз эми кекчил эмеспиз. Биз кек сактабайбыз, бирок эстеп коебуз. Төрага, сиз карап жатканда, комитет чечими менен карашы керек элеңиз. Чечимде так жазылып турат», — деди Маматалиев. 

Спикер Нурланбек Шакиев бардыгы мыйзам чегинде болгонун, эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтты. «Мен расмий түрдө сиздердин фракция толук курамы менен жыйынга келүүнү сурандым. Бир өкүл калтырып, башка иш-чарага бүтүндөй фракциянын баруусуна мыйзам жол бербейт. Фракциялардын өз каалоосу менен иштөөсү үчүн дүйшөмбү, шейшемби, жума күндөрү бар, эч ким кийлигишпейт», — деди Нурланбек Шакиев.