«Биз сизди аябай сагындык». Депутат Балбак Түлөбаев транспорт министринин фамилиясын да билберин айтты

«Транспорт министринин фамилиясын да билбейм, өңүн да көргөн жокпуз». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

«Урматтуу транспорт министри, биз сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип, өңүңүздү көрсөтүп койсоңуз жакшы болот эле. Биз сизди аябай сагындык. Сиз барсызбы же жоксузбу? Кат жазалыбы же кандай кылалы? Биз кээ бир министрлерди аябай сагындык. Буюрбасын сагындык. Эмне кылабыз, кандай кылабыз? Акылбек Жапаровду деле унутуп баратабыз», — деди ал.