«Биз сынбайбыз». Равшан Жээнбеков бир туугандарынын сүрөтүн жарыялады

Саясатчы Равшан Жээнбеков кезегинде атасы Бабырбек Жээнбековго басым болгонун соцтармакта жазып чыкты.

Ал карындаштары менен чогуу түшкөн сүрөтүн коюп: «Менин атам Бабырбек Жээнбековго басым болгон. Мага басым болду. Эми менин карындаштарыма басым көрсөтүүнү чечишти. Көтөрөбүз. Сынбайбыз. Калп жана мыйзамсыздык убактылуу нерсе», — деп жазды.

Бүгүн, 8-апрелде Равшан Жээнбеков анын жана карындаштарынын үйүндө УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөнүн билдирген. Кийин Коопсуздук комитети саясатчынын карындашы, Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген. Мира Жээнбекова шаардык соттун басма сөз кызматы аркылуу бул маалыматты төгүндөдү.