Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айтыша кетти.
«Урматтуу вице-спикерлер, силер алып барып жатканда депутаттарга аяр мамиле кылсаңар. Акылбек Тогузбаевичтин (ред. Түмөнбаев) сунушун добушка салып коюңуз», — деди депутат.
«Түшүнгөн жокмун. Силерге дагы мындан артык кандай аяр мамиле жасоо керек?» — деп суроо салды вице-спикер.
«Мени кайталатпаңыз. Кечээ көрдүк», — деди ага депутат.
«Төрага айтып кетти. Ошол моментте төрагага айтпайт беле?» — деди вице-спикер.
«Силер ал жерде болгону алып баруучусуңар. Ар бир депутатты сындап… Эч кандай башка депутаттан айырмаңар жок», — деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу.
«Нормальный» сүйлөңүз. Макулбу? Мен сизге айтып коёюн. Эмне эле болуп жатасыңар?» — деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.