Болот Темиров: «Азыркы бийлик мамлекеттик деңгээлде ойлоно албай жатат»

Азыркы бийлик мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албай жатат. Мындай пикирди иликтөөчү журналист Болот Темиров СуперТВ каналындагы «Саясий Коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Азыркы жаңы келген бийлик мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албай жатат. Кандайдыр бир чечимди кабыл алган соң, андан ары эмне кылаарын билбей калышууда. Жасаган кадамдары туура эмес болсо да, бизди эл колдоп жатат деген манипуляцияны колдонушууда», — дейт Темиров өз сөзүндө.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.