Болот Темиров: «Мен өзүмдү бир эле күн коопсуз сезгем»

Чуулгандуу иликтөөлөрү менен таанымал журналист Болот Темиров СуперТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди.

“Азыр дагы мен үчүн ар бир күн кооптуу. Мен бир эле күн өзүмдү коопсуз сезгем. Ал өткөн жылы 5-октябрдын түнү эле. Мен анда «Мына, мени коркуткан бийлик кетти. Эми эч ким менин коопсузудугума коркунуч келтирбейт»,- деп ойлогом. Бирок кайра эле ошол төңкөрүштүн эртеси коркутуулар башталды. Ошондо эле президент Садыр Жапаровдун колдоочулары жумушума чейин келип коркутуп, үркүтүшүп аны менен катар телефонума ар кандай тариздеги каттарды жиберип башташкан. Ошондо бийлик алмашканы менен заман өзгөрбөгөнүн билдим”, — дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.