Болот Темиров президенттин сунушуна макул болду

Бүгүн, 17-майда президент Садыр Жапаров «Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темиров алтын тармагы эле эмес, башка тармакта дагы уурулук болуп жатат деген күмөнү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын» деген.

Алгачкылардан болуп өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров бул сунуш чындыкка дал келсе, комиссияга кирүүгө макул экендигин билдирди.


Ал эми эми мандатынан ажыратылган Адахан Мадумаров менен президент «ууру» жана «казиношник» деп айыптаган депутат Исхак Масалиев аталган комиссияга кирүүгө макул же каршы экендиги азырынча белгисиз.

Соңку кезде өлкөдөн Сабыр Жапаровдун (президенттин агасы) катышуусунда алтын уурдалууда деген имиштер күчөп кеткен эле. Ушул себептерден улам президент ЖМКга экинчи ирет маек берди.