Болот Темиров: «Сыймык Жапыкеевге деле ишенич жок. Айбек Токоевди ошол башчылык кызматка көтөрүп жатпайбы?»

Иликтөөчү журналист Болот Темиров СуперТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди.

Маекте кечээ жакында эле жоюлуп кеткен Финпол тууралуу, ал мекеменин башчысы болгон Сыймык Жапыкеев эмне үчүн үн катпай, коомчулукка чыкпай жатат деген кеп козголду.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков экөөбүз «Кактус Медиа» басылмасы менен биргеликте Каржы полициясынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев жөнүндө иликтөө жүргүзгөнбүз. Анда ал Каржы полициясынын Оштогу кеңсесинде төрага болуп иштечү. Ошондо ал кызматы аркылуу бир топ мыйзамсыз иштерге барганын, коррупциялык иштерге аралашып, байыганын аныктабыз. Анан мекемеге жетекчи болуп Сыймык Жапыкеев келди. Анан эле Айбек Токоев анын аркасы менен тескерисинче кызматы жогорулап, көтөрүлүп атпайбы. Сыймык Жапыкеевге деле ишенич жок. Эмне үчүн азыр ал мекеме жоюлса деле унчукпай жатат. Демек ал да бул иштерге, саясий оюндарга, кызмат бизнестерине аралашкан”, — дейт Темиров.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.