Болот Темировдун кармалышы. Депутаттар кандай реакция кылып жатышат?

Кечээ, 22-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалды. Ал кармалышын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат. Бул аралыкта соцтармакта журналисттин кармалышы түрдүү пикирлерди жаратууда.

«Кыргызстанда жалгыз мактанаарыбыз сөз эркиндигибиз жана эркин коом. Алар иликтеген материалдар коррупция менен күрөшүү ниети бар бийликке пайдасы гана тиет. Басма сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт», — деп жазды депутат Жанар Акаев.

«Темиров террорист эмес! Журналист Болот Темировду каракчыны кармагандай кылып, күч органдары менен алып кетиши аша чапкандык», — деп жазды депутат Мирлан Самыйкожо.