Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Бөлтүрүк: «Тышкы башкаруу учурунда алтын сатуудан 621 миллион доллар түштү»

12:51 18.01.2022
0
Бөлтүрүк: «Тышкы башкаруу учурунда алтын сатуудан 621 миллион доллар түштү»

Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 миллиард сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 миллиард сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150 пайызга ашкан. 2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 миллион долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 миллион доллары түшкөн. Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16 пайыздан ашуун кыскарган.

«Бул негизги көрсөткүч — өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Отчеттун жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылга пландары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жакынкы пландарга жогорку сорбциялык активдүү рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга, кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет. 2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу менен киргизилген. Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу Министрлер кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Учурда Кумтөрдү толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

 

1 / 2
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү