«Боорум ооруйт». Садыр Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты

Бүгүн соцтармакка Садыр Жапаровдун кечээ, 28-ноябрда шайлоо тилкеге барып, добуш берип жатканда тартылган сүрөтү жарыяланып, анын бир мандаттуу округда Равшан Жээнбековго добуш бергени божомолдогон эле. Бул боюнча Садыр Жапаров үн катып, чындыгында эле добушун Равшан Жээнбековго бергенин тастыктап, буга эмне себеп болгонун түшүндүрдү.

«Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.

Эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин акыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Алмазбек Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан Жээнбеков болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем», — деп жазды ал.