Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн парламенттик шайлоодон сабак алганын далилдедиби?

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуу ниети менен арыз тапшырган бир нече жаранга байланыштуу даттанууларды карады.

Алардын катарында «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү саясатчы Бактыбек Калмаматовдун маеги да каралды. Жумушчу топтун мүчөлөрү бир добуштан аталган маекте алдын ала үгүт жүргүзүү элементи жок, демек шайлоо мыйзамынын эрежелери бузулган эмес деген чечим кабыл алышты.

БШКнын жумушчу тобу ушундай эле чечимдерди «Кактус Медиа» жана «Азаттык үналгысына» карата да кабыл алды.