Боронов Финполго сурак берүүгө келди

Бүгүн мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго суракка келди. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын имаратына келген экс-премьер кайсы иш менен чакырылганын билбей турганын айтты. Ошол эле учурда ал коронавирус илдетинин пандемиясына байланыштуу байланыштуу мүмкүн деп кошумчалады. Боронов журналисттерге өкмөт башчы болуп турган кезде эч кандай мйзам бузуу болбогонун да билдирди.

Кубатбек Боронов парламенттик шайлоо өткөндөн кийин башталган митингдерден улам биринчилерден болуп отставкага кеткен.