Боршайком КЭДПны шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде өткөн жыйынында Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Мындай жыйынтык үчүн БШКнын тогуз мүчөсү “макул” деп добуш берсе, эки мүчөсү — Кайрат Осмоналиев менен Акылбек Сариев каршы болду. Алар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын бул чечимин негизсиз жана шашылыш чыккан чечим катары баалашты.

БШКнын чечимине Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү дагы каршы, алар сотко кайрыла турганын айтышты.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде өткөн жыйында КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

КЭДП Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен марага үчүнчү болуп келген. КЭДПны генерал-майор Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

БШКнын отурумунан толук видеону бул жактан көрсөңүз болот.