Боршайком Жогорку Сотко даттануу арызы менен кайрылат

Парламенттик кайра шайлоонун 20-декабрга аныкталышы боюнча административдик сот БШКнын чечимин жокко чыгарган эле. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы административдик соттун чечими боюнча Жогорку Сотко кайрылат.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мындай дейт: “Биз мыйзамдын алкагында кайра шайлоону аныктадык. Алтынчы чакырылыштын мөөнөтүн дагы жарым жылга парламенттин жылдырып алышы мыйзамсыз”.

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин БШКга 48 партия билдирген. Ушул жерден белгилей кетүү керек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын дээрлик баары жогорудагы тизмеде бар. 48 партиянын катарында өткөн шайлоодо алардын жыйынтыгы чоң нааразычылык жараткан “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” жок. Ошондой эле учурда бийликчил партия аталып жаткан “Мекенчил” да 20-декабрга БШК белгилеген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген эмес.