БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Улан Сариев № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

8-апрелде БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтоткон. 10-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жунусалиев Рамистин талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарган.