БШК: парламенттик шайлоого катышкан бардык партиялардын күрөө акчасы кайтарылат

4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан партиялардын 5 миллион сомдук күрөө акчасы кайтарылабы? Мына ушундай суроо менен SUPERTV БШКнын басма сөз кызматына кайрылды.

“БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ошол себептен, Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууга чыгарылган. Ал мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган жана шайлоого катышкан саясий партияларга күрөөлөр кайтарылып берилет деп жазылган”, — деп маалымдашты БШКдан.