БШК Бактыбек Калмаматов менен Имамидин Ташовго айып пул салуу чечимин кабыл алды

Мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзгөн деген жүйөө менен президенттик жарышка катышам деп турган Бактыбек Калмаматовго Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айып пул салынат. Мындай чечим жумушчу топтун жыйыны учурунда кабыл алынып, БШКнын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилген.

Дал ушундай эле жүйөө менен президенттик шайлоого катышуу алдында турган Имамидин Ташовго да айып пул салынат.

Ташов жалпыга маалымдоо каражаттарын чогултуп, эгер президент болсо аткара турган пландары тууралуу айткан 13 мүнөттүк видеодо “Мага үч жыл бергиле. Үч жылда Кытайдын карызын төлөйм. 30 жылда кыйраган мамлекетибизди 3 жылда калыбына келтирем” деп айтканы бар. Анын сүйлөгөн сөзүндө элди үгүттөө бар деген негиз менен Ташовго да айып пул салуу чечими кабыл алынган.