БШК депутат Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Абиров буга чейин мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.