Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-февралдагы жыйынында Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматовичке №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Нышанов Джайлообай Данибаевичке № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Дуйшенбиев №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Нышанов №15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.