БШК эркин маалымат каражаттарын ооздуктайбы?

Бүгүн 16:00дө саясатчы Бактыбек Калмаматовдун "Супер ТВ" телеканалына берген маегине байланыштуу БШК жыйын өткөрөт.

«Супер ТВ» телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө 26-ноябрь күнү саясатчы Бактыбек Калмаматов менен маек жарыяланган. Маек учурунда өлкөдө болуп жаткан окуялар, саясий өзгөрүүлөр тууралуу кенен сөз болгон эле. Мына ошол берүүгө байланыштуу бүгүн, 1-декабрь, саат 16:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрөрү маалым болду.

Болжолдонгон жыйын эмне максатта өтөөрү азырынча белгисиз. Бирок адатка айланып калгандай, мурдагы бийлик режимдеринин учурунда мындай жыйындар эркин маалымат каражаттарын же ыңгайсыз саясатчыларды ооздуктоо максатында жасалып келген. Бул жолу дагы көнгөн адат кайталанабы же жокпу «Супер ТВда» онлайн алып көрсөтөбүз.

#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Бактыбек Калмаматов: «Садыр Жапаровго оппозиция болууга мажбур болдум»