БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.

Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.