БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ырастамасы жараксыз деп таанылат. Ал № 29 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттагына шайланган.