БШК Мадумаровдун депутаттык мандат маселесин карайт

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмү түштү. Маалыматты журналисттерге БШКдан тастыкташты.

Маалым болгондой, бүгүн жыйын болуп, анда Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча маселе каралат.

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду мамлекеттик чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу саясатчы жазадан бошотулган. Бирок ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүлбөгөндүктөн, 26-апрелде гана СИЗОдон бошотулган.