Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 1-апрелдеги жыйынында депутат Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын өзүнүн жазган арызы негиз болгон.
ЖКнын депутаты Аманкуловдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Эске салсак, Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Буга чейин УКМК анын соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» эс алуу борборунда коттедж, 3 хан сарайы жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 автоунаасы бар экенин жарыялаган. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.








