БШК маршруттук таксилерде илинген үгүт кагаздарына тиешеси жок экенин билдирди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы №254 маршруттук таксиде референдумду колдогон үгүттүк баракчанын илиниши боюнча маалымат таратты.

Буга чейин ЖМКлардын биринде «Маршруттук таксилерде референдумду колдогон баракчалар пайда болду. Мыйзамдуулугу текшерилет» аталышындагы макала жарык көргөн. Анда калаадагы маршруттук таксилердин биринде «Биз конституциялык референдумду колдойбуз!» деген чакырык БШКнын логотиби менен илинип турганы айтылган.

«Бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кагаздар унаа ээсинин макулдугусуз, белгисиз адамдар тарабынан чапталганы белгилүү болду. Алар айдоочу тарабынан алынып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул материалдардын БШКга эч кандай тиешеси жок экени кошумчаланды.