БШК менен TikTok саясий үгүттү алдын алуу үчүн кызматташат

БШК менен TikTok платформадагы саясий үгүттү алдын алуу үчүн кызматташат. Мындай макулдашуу 29-сентябрда Бишкек шаарында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча TikTokтун өкүлүнүн жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

TikTokтун өкүлү БШКнын башчысын акыркы жарыяланган маалыматтар боюнча аталган социалдык тармактын глобалдык ар бир айлык аудиториясы 1 миллиард колдонуучуга жеткенин маалымдалды. TikTok негизинен көңүл ачуучу жана билим берүүчү контентти жайгаштыруу үчүн платформа экендигин жана анда саясий акы төлөнүүчү жарнактарга катуу тыюу салынгандыгын баса белгиледи. Ошол эле учурда, TikTok АКШ, Германия, Бразилия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү шайлоодо ийгиликтүү сыналган шайлоо мезгилиндеги кызматташтыктын глобалдык стандартын иштеп чыккан. Ага ылайык:

— TikTok коомчулуктун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт, өзгөзчө шайлоо учурунда. Эрежелерге ылайык, коомдук араздашууну жаратуучу, зомбулукка чакырган, 13 жаштан жогору колдонуучулардын психикасына терс таасирин тийгизе турган контентти платформада жайгаштырууга тыюу салынат. Ушул сыяктуу же башка зыяндуу контент аныкталган учурда платформа аны алып салат.

— мындан тышкары, эгерде колдонуучу TikTok платформасында шайлоо же саясий партия жөнүндө маалыматка дайыма кызыкдар экенин көрсөткөн белгилер бар болсо, анда колдонуучу тиешелүү ишенимдүү маалымат булагына же шайлоону уюштурган органдын баракчасына сунуштар (калкыма такталар) аркылуу багытталат.

БШКнын башчысы маектешине 28-ноябрга белгиленген өлкөнүн парламентине шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Өзгөчө ал парламенттин депутаттарын шайлоонун жаңы аралаш тутумунун киргизилишине байланыштуу депутаттар ачык тизме боюнча саясий партиялардан да, бир мандаттуу округдарда да шайланса, маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык тармактарда бири-бири менен активдүү атаандаша турган жалпысынан миңдеген талапкерлердин катышуусу күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы БШК TikTok платформасынын таза шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүүсүнө жана TikTok платформасын адилетсиз саясий атаандаштыкка же башка кыйратуучу максаттарда колдонууга жол бербөөсүнө багытталган аракеттерин кубаттай турганын билдирди.

Шайлдабекова TikTok сыяктуу таасирдүү платформа менен кызматташууну жогору баалады, бул шайлоонун маалыматтык чөйрөсү үчүн абдан маанилүү, анткени TikTok өлкөдөгү бардык шайлоочулардын 31 пайыздан ашыгын түзгөн жаштардын тарабынан активдүү колдонулат.