БШК Ормоновду, Калбердиеваны, Чойбековду жана Мурзакимованы Жогорку Кеӊештин шайланган депутаттары деп тааныды

 Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Чойбеков Бактыбек Каныбековичке № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнага № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Ормонов, Калбердиева, Чойбеков жана Мурзакимова Жогорку КеӊешТин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.