БШК Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жеткендигин расмий түрдө жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти деп жарыялады. Мындай чечим комиссия мүчөлөрүнүн кечээ, 20-январдагы отурумунда кабыл алынды.

Расмий маалымат боюнча, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жалпы 1 миллион 105 миң 248 добуш топтогон. Бул добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 79,2 пайызын түзөт.

Ал эми референдумдун жыйынтыгына келсек, 1 миллион 133 миң 485 жаран президенттик башкаруу формасын тандаган. Бул өз учурунда жалпы референдумга катышкандардын 81,3 пайызын түзөт.

Шайлоо жана референдумдун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча токтомду БШКнын 10 мүчөсү колдосо, 2 мүчөсү каршы болушту. Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгуловдун өзгөчө пикирин БШК эске алды.