БШК Урмат Самаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга байланыштуу депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды. Анын мандаты Канатбек Ахмедовго берилди. Ага төш белги жана күбөлүк тапшырылды.

26-августта Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. БШК анын мандатын 38 жаштагы Канатбек Ахмедов аларын болжолдогон.